Azamat Toktakunov

is creating сайт жасоо, подкаст жаздыруу, кыргыз тилинде контент жаратуу

Select a membership level

Семинарларга / воркшопторго катышыңыз

reward item
reward item
$18
per month
Айтылгандай эле, биринчи жана экинчи баскычтагы тизмелер, жана дагы live-вебинарга катышуу мүмкүнчүлүгү.
  • Сайт жасоо боюнча жума сайын вебинар болуп турат.
  • Сиз өзүңүз жасап жаткан сайттарга фидбек же тапшырма алыңыз.
  • Мен жеке кеп-кеңештерим менен бөлүшөм.
  • Германияда айти (IT) тармагы кандай иштейт?
  • Айти-адиси катары Германияга кантип эмиграция кылса болот?

Инвестор катары кызматташууга чыгыңыз

reward item
reward item
$32
per month
Баардык жазылган мүмкүнчүлүктөргө кирүү жана ошондой эле жаңы долбор сунуштоо мүмкүнчүлүгү.
  • Проект-идеяларды сунуштаңыз.
  • Мени менен бирге жаңы долбоор иштеп чыгып, ийгиликтүү ишке ашырыңыз.
  • Учурда жүрүп жаткан долбоорлордун бирине финансылык колдоо көрсөтүңүз.
  • Социалдык, гуманитардык, медициналык, экологиялык же билим берүү долбоорлоруна демөөрчүлүк кылыңыз.

3

patrons

$94

per month

About Azamat Toktakunov

Саламатсыздар,
менин атым Азамат Токтакунов, кесибим боюнча IT-адисимин. Беш жылдан бери үй-бүлөм менен Германияда жашайм.

«Сайт жасоо» (веб-разработка) – бул менин информациялык технология (IT) чөйрөсүндө 2007-жылдан бери ийгиликтүү аркалап келген негизги кесибим. Эмгек жолумду алгач Кыргызстандын технология ишканаларында баштап, кийин фрилансер катары дүйнө жүзүндөгү ар кандай фирмаларда уланткам. Учурда Германиядагы жергиликтүү ири компаниялардын биринде иштейм.

Сайт жаратып же түзүп, аны ийгиликтүү ишке киргизүү боюнча мен ушул күнгө чейин 500гө жакын долбоорго катыштым. Андагы эмгектердин негизинде эбегейсиз тажрыйба топтой алдым десем болот. Сайт жаратуу өзүмө абдан жаккан, мени дайыма шыктандырган жана жашоомдун негизги бөлүгүн түзгөн жумуш. Ошондуктан мен башынан эле иш жеримдеги тапшырма жана буюртмалар менен гана чектелбестен, адаттан тыш «сайт жасоо» боюнча жеке суроо-талаптарды жана өтүнүчтөрдү жардам ирээтинде ар дайым орундатып келем. Ушул таризде акыркы он жылда ондогон социалдык долбоорлорду жүзөгө ашырдым жана алардын саны учурда ай сайын өсүүдө.

Интернеттин дүйнөнүн булуң-бурчуна жайылышы, анын билим жана маалымат булагы катары жигердүү колдонулушу мага кыргыз тилинде кызыктуу долбоорлорду ишке ашырууга түрткү берди. Алар менен бирге мен өзүмдүн бардык жөндөмдөрүмдү өнүктүрүп, бат жана натыйжалуу иштөө ыкмаларын өздөштүрүүгө аракет кылам. Ушул контексте «балким мен басып өтүп жаткан жеке процесстер башкалар үчүн кызык жана пайдалуу болуп жүрбөсүн» деген ой кетти. Анткени ар бир иштин артын ар ким эле ачыктап, сырттагы эл үчүн түшүндүрүп бере бербейт. Бирок жеке тажрыйбалар менен бөлүшүү, идеяларды талкуулоо жана пикир алмашуу – өнүгүүнүн дагы бир маанилүү аспекти.

Ошол себептерден улам мен атайын «Патреон аянтчасын» ачайын деп чечтим. Мен иштеп жаткан долбоорлорумдун көбүн расмий ишиме байланыштуу ачык жарыялай албайм. Бирок ошол эле учурда алар менин замандаштарым, кесиптештерим жана жердештерим үчүн абдан кызыктуу экенин билемин, анткени мен жазган макалалар, жүргүзгөн маектер жана жасап жаткан иштер баарыбыздын ата-мекенибизге, эли-жерибизге жана маданиятыбызга түздөн-түз тиешелүү же биздин жашообузга, жумушубузга жана хоббилерибизге байланыштуу.
Мен ошондуктан сиздерди «менин патреонума» кошулууга чакырамын!

Менин «Патреон аянтчамда» сиздерди эмнелер күтөт?

  • Ар бир аптада жок эле дегенде бир кызыктуу макала, видео тасма же аудио-файл жарык көрөт.
  • Айына бир жолу бизге кызыктуу бир темага арналган лайфстрим (түз эфир аркылуу байналыш) чыгат. Ага алдын ала сунуштарды жана суроолорду жиберсеңиздер болот. Андан тышкары сиздерге керектүү нерселер боюнча талкуулар жаралып, жүрүштөгү долбоорлор тууралуу пикир же тажрыйба алмашуу болот.
  • Анда-санда мен катышкан иш-чаралар, таанышкан адамдар же саякаттаган жерлер жөнүндө сиздерге билдирүү жазып турам.
  • Мен жасап жаткан ар түрдүү иштерге катышып, алардын артындагы процесстерге күбө боло аласыздар.
  • Эгерде кайсыл бир жарманке, семинар, воркшоп же маданий иш-чараларда эл алдына чыгып калсам, мүмкүнчүлүккө жараша сиздер үчүн видео-аудио жаздырып алганга аракет кылам же бул тууралуу (сүрөт) баяндама жасайм.
  • Кыскасы менин «патриондорум» мендеги бардык жаңылыктарды биринчилерден болуп билишет.

Долбоордун темасы:

  • Айти-адистигине ээ болуу, бизнес жүргүзүү жана «сайт жасоо» ж.б.
  • Програмисттин күнүмдүк турмушу: иши, долбоорлору, техникалык каражаты жана жумуш үстүндөгү процесстер, «сахна аркасындагы» жүрүштөр, сүйлөшүүлөр, иш-чаралар ж.б.
  • Кызыктуу кесиптик портфолио жаратуу (кааласаңыз сиздин портфолиону карап, талдап жана толуктап чыксак болот)
  • Ишти пландоо жана айрыкча чыгармачылык ишмердикке кете турган убакытты туура бөлүштүрүү
  • Кесипти алмаштыруу жана программист болууга бел байлоо
  • Ишке, ден-соолукка, кыйынчылыктарга, жеке жашоого же чыгармачылыкка байланыштуу психологиялык абал жана проблемалар менен алек болуу
  • Мээдеги жана аң-сезимдеги көнүмүшкө айланган «жаман ойлордон» арылуу, блокадаларды жана башка тоскоолдуктарды жою, мээни туура программалоо, жаңы нейрондук байланыштардуу жаратуу жана позитивдүү аффирмациялар
By becoming a patron, you'll instantly unlock access to 19 exclusive posts
18
Links
1
Writing
By becoming a patron, you'll instantly unlock access to 19 exclusive posts
18
Links
1
Writing

Recent posts by Azamat Toktakunov

How it works

Get started in 2 minutes

Choose a membership
Sign up
Add a payment method
Get benefits